УКМК кармап кетип абакта отурган адвокат Самат Матцаковго тамак-аш, нан, жылуу жамынгычты да киргизбей жатышканын «Кылым шамы» коомдук уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова социалдык тармактарга жазып чыкты.
Мындан тышкары Самат Матцаков аны камакка алуу боюнча сот чечимине даттануу жазган, аны дагы жиберүүдөн УКМК баш тарткан. Ошондой эле адвокаттын аялына жазган катын да алып кетишкени айтылат.
Эске салсак, адвокат Самат Матцаков 29-ноябрда кармалып, үйүндө тинтүү да жүргүзүлгөн. Ага алдамчылык боюнча айып коюлуп, сот аны 30-декабрга чейин абакта калтыруу чечимин чыгарган.
Самат Матцаков абакта жаткан ишкер Имамидин Ташовдун жана абактагы ырчы Аскат Жетигендин жактоочусу болгон.
Адвокаттын камакка алынышы боюнча укук коргоочулар, адвокаттар бийликке кайрылуу да жолдошкон.