Быйыл Кыргызстандагы жогорку окуу жайлары абитуриенттерди 20-июлдан тарта кабыл алып баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда брифингде Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.
«Иштелип чыккан тайын программанын жардамы менен бүтүрүүчүлөр үйүндө отуруп эле электрондук форматта каалаган окуу жайга Жалпы республикалык тестирлөөнүн талондорун жөнөтсө болот», — деди Жусупбекова.
Кошумчалай кетсек, быйыл 59 миңдей окуучу 11-классты бүтүрөт. Анын ичинен 1253 окуучу артыкчылык аттестатына талапкер. 9-классты бүтүрүүчүлөрдүн саны быйыл 104 миңге жакын окуучуну түзөт.