• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ЖОЖдорго абитуриенттерди кабыл алуунун 5-туру башталат

10 Баш оона 202316:15 Бишкек Govori.TV

10-августта Билим берүү жана илим министрлиги 2023-2024-окуу жылына Жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларына абитуриенттерди тандоо турларын жана кабыл алууну өткөрүү графиги бекиген №4841/1 буйругун чыгарды.

Министрликтин маалыматы боюнча, бешинчи айлампага абитуриенттерди каттоо 14-август саат 8:00дөн 16-август саат 14:00го чейин жүргүзүлөт.

Жогорку окуу жайларында бош орундар болсо, 21-22-23-августта саат 9:00дө кабыл алууга кошумча сунушталган абитуриенттердин тизмеси жайгаштырылат. ЖОЖго кабыл алууга кошумча сунушталгандардын тизмесине киргизилген абитуриент бир сутканын ичинде өзүнүн окууга болгон каалоосун тастыктоосу керек.

Количество просмотров: 141