• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

ЖОЖдорго абитуриенттерди кабыл алуунун IV туру башталды

7 Баш оона 2023 11:17 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 7-августта Кыргызстанда жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоонун жана кабыл алуунун IV туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин ЖОЖдорго кабыл алуунун I, II, III турунда 20 миң 278 абитуриент кабыл алынды.

Эскерте кетсек, 2023-2024-окуу жылына карата жогорку окуу жайларына тандоо «Абитуриент онлайн» автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу төрт тур менен жүргүзүлөт. Абитуриенттер ЖОЖдун жайгашкан жерине барбай эле электрондук формада арыз бере алышат.

Количество просмотров: 71