• Дүйшөмбү 8 Теке 2024
  • Понедельник 8 Июль 2024

ЖОЖдорго кабыл алуунун I туру качан башталары айтылды

5 Теке 2024 14:53 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кабыл алуунун I туру 15-июлда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, жогорку окуу жайларга гранттык негизде жана келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тесттин босого баллы жылдагыдай эле 110, предметтик тесттердин босого баллы 60 бойдон калтырылды.

Жогорку окуу жайларга кабыл алуу беш тур менен жүргүзүлөт.

ЖРТ электрондук талону менен өтүнмө берүү:

I тур – 15-июль  17-июль саат 14:00гө чейин;
II тур – 22-июль 24-июль саат 14:00гө чейин;
III тур – 29-июль  31-июль саат 14:00гө чейин;
IV тур – 5-август 7-август саат 14:00гө чейин;
V тур – 12-август 14-август саат 14:00гө чейин.

Сынакка катышуу үчүн абитуриенттер өтүнмөлөрдү жана документтерди “Абитуриент онлайн” электрондук автоматташтырылган маалыматтык системасы https://2020.edu.gov.kg/vuz аркылуу тапшырат.

Эскерте кетсек, жогорку окуу жайлардын кабыл алуу жана гранттык комиссиялары мамлекеттик билим берүү грантын алуу конкурсуна, ошондой эле келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларынын конкурсуна босого баллдан жогорку же бирдей балл алган абитуриенттерге гана катышууга уруксат берет.

Количество просмотров: 574