• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ЖОЖдорго кабыл алуунун III туру башталды

29 Теке 202411:39 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда бүгүн, 29-июлда жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоонун 3-туруна арыздарды кабыл алуу башталды.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, арыздарды кабыл алуу 31-июль саат 14:00гө чейин жүргүзүлөт.

ЖОЖдорго кабыл алуунун I жана II турунда жалпы 44 миң 438 талон катталып, анын ичинен бюджеттик негизде окууга – 16 миң 402, контрактык негизде окууга – 28 миң 36 талон түштү.

II турдун жыйынтыгы менен ЖОЖдорго 20 миң 342 абитурент кабыл алынды.

Ушул тапта эң көп абитуриент кабыл алынган ЖОЖдор:

  • Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети – 3552,
  • Ош мамлекеттик университети – 2951,
  • И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети – 2565,
  • И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети – 1502,
  • Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети – 1470,
  • К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети – 1380,
  • И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы – 836.

Эскерте кетсек, 2024-2025-окуу жылына карата жогорку окуу жайларына тандоо “Абитуриент онлайн” автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу V тур менен жүргүзүлөт.

Количество просмотров: 143