• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ЖОЖдорго кабыл алуунун V туру башталды

23 Баш оона 202016:07 Бишкек Govori.TV

Жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуунун V туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кабыл алуу онлайн жүргүзүлөт. Ал үчүн абитуриенттер сайтына катталышы керек.

«Жалпы республикалык тестиртөөлөгө (ЖРТ) катышкан абитуриенттер 22-августтан 27-август саат 14.00гө чейин ЖОЖдорго тапшыра алат. Ал эми 28-29-август күндөрү саат 17:00гө чейин болочок студент университетте билим алуу ниетин тастыкташы шарт»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 175