• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ЖРТ — 2023: Каттоо акысы кымбаттады

3 Жалган куран 202312:02 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөгө каттоонун акысы кымбаттады. Бул тууралуу Билим берүүнү жана окутуунун усулдарын баалоо борборунун директору Чынара Батракеева билдирди.

Анын айтымында, быйыл негизги жана ар бир предметтик тесттин акысы 470 сомду түзөт. Мурда бул сумма 370 сом болчу.

«Бул сумма жакынкы эки жылга белгиленди. Ага тестирлөө үчүн суроолорду түзүү, жеринде тестирлөө жүргүзүү, администраторлордун иши, тест жана каттоо материалдары, сертификаттарды басып чыгаруу кирет», — деди ал.

Количество просмотров: 3142