Жогорку окуу жайларга жалпы республикалык тестирлөө аркылуу кышкы кабыл алуу башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.
Маалым болгондой, кышкы кабыл алуу жөнүндө буйрук чыкты. Ага ылайык, кышкы тестирлөө 2022-жылдын 24-ноябрынан 30-ноябрына чейин өтөт.
Жалпы республикалык тестирлөөгө кабыл алуу үчүн жашаган жери боюнча каттоо 17-октябрдан 27-октябрга чейин райондук же шаардык билим берүү бөлүмдөрүндө онлайн жүргүзүлөт.
Каттоого мамлекеттик үлгүдөгү документтер менен ырасталган жалпы орто же кесиптик орто билими бар, учурда ЖОЖдордо окубаган адамдарга уруксат берилет.
Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу — окутуунун наркын төлөө келишими (контракт) боюнча гана абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу үчүн жүргүзүлөт.
Бишкек, Ош шаардык билим берүү башкармалыктарынын райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:
— Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору бекиткен эрежелерге ылайык, Жалпы республикалык тестирлөөгө каттала тургандарга маалымат жеткирүү, уюштуруу иштерин жүргүзүүгө;
— каттоону (онлайн режимде) жүзөгө ашыруу үчүн атайын бөлмө бөлүп берип, зарыл байланыш каражаттар, жабдуулар жана техника менен камсыздоого.
Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кабыл алуунун жаңы тартиби быйыл июль айында күчүнө кирген. Эми абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу жылына эки жолу жүргүзүлөт. Кышкы кабыл алуу жайындагы сынактардан кийин бош калган орундарга жүргүзүлөт. Мындан улам, жалпы республикалык тестирлөө да жылына эки жолу өткөрүлөт.
Тагыраагы ЖРТга катыша албаган же окуу жайга тапшыра албай калган абитуриенттер жарым жылдан кийин кайрадан тест тапшырууга мүмкүнчүлүк алат.