• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

ЖРТда эң жогорку балл алган 3 окуучу белгилүү болду

21 Кулжа 2021 17:16 Бишкек Govori.TV

Быйыл окуу жылында бүтүрүүчүлөрдүн арасынан жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен эң көп баллды Каракол шаарындагы Кусейин Карасаев атындагы кыргыз-түрк лицейинин бүтүрүүчүсү Жайдар Нургазиев алды. Ал эң жогорку делген 250 баллдын ичинен 232сине ээ болгон. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Министрликтин маалыматы боюнча, Жайдар Нургазиевден кийинки жогорку баллды (231 балл) Бишкек шаарынын окуучусу Алия Сарыгулова, андан кийинки баллды (230 балл) Сымбат Касымбекова Талас районунан алган.

Жалпысынан 58 катышуучу жогорку делген баллды алган.

Эске салсак, быйыл ЖТР 18-23-май күндөрү өткөрүлгөн. Ага 42 миңден ашык бүтүрүүчү катышты. Шарт боюнча жогорку окуу жайга тапшырууну көздөгөн ар бир адам бул тестирлөөдөн өтүшү керек.

Количество просмотров: 1391