Кыргызстандын Эгемендик күнүнө карата Ошто өткөн көкбөрү оюнунун финалдык беттеши чыр-чатак менен коштолду. Жогорку Кеңештин экс-төрагасы, депутат Дастан Жумабеков күйөрмандарына соцтармак аркылуу кайрылуу жасап, сабырдуулукка чакырды.
«Тилекке каршы, оюндун аягында бир аз түшүнбөстүк болду. Күйөрмандар, көрүүчүлөр көп болду, айрымдары күч кызматкерлерине бир аз баш ийбей, бейбаштык кылышты. Ар кандай провокацияга алдырбаңыздар»,-деди депутат.
Эске салсак, 31-августтун кечинде социалдык тармактарда Оштогу Төлөйкөн ат майданында жаалданган топ беттеш өткөн талааны көздөй жүгүрүп баратканы чагылдырылган тасма тараган.
Күбөлөрдүн айтымында, оюндун жыйынтыгына нааразы күйөрмандар ортодогу калысты ур-токмокко алганы айтылууда.
«Достук» жана «Ынтымак» командалары беттеш өткөрүп, жыйынтыгында өлкө башчынын байгесин «Ынтымак» жеңип алган.