• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жумагулов: Бийлик таза шайлоо өткөрүү боюнча баштаган ишин аягына чыгарыш керек болчу

29 Жетинин айы 2021 18:45 Бишкек Govori.TV

Бийлик таза шайлоо өткөрүү боюнча баштаган ишин аягына чыгарышы керек болчу. Мындай пикирин саясат талдоочу Бакытбек Жумагулов билдирди.

«Президент Садыр Жапаров «Парламенттик шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгону баардык күчтөргө сигнал болду. Сөздөн тышкары реалдуу иштер дагы жасалды. Мисалы, парламенттик шайлоого аралашкан мамлекеттик кызматкерлер жумуштан алынды. Мындай көрүнүштөр элге үмүт берди. Бийлик баштаган ишин аягына чыгарыш керек эле. 28-ноябрь күнү кечки саат 21:30дар чамасында болгон окуя күмөн жаратты. Бул боюнча иликтөө жүргүзүлүп, элге толук маалымат берилиши керек»,-деди ал.

Эскерте кетсек, буга чейин БШКнын сайтында мүчүлүштүктөр орун алганы маалымдалган. Алдын ала маалыматтар жарыялангандан кийин партиялар чогулткан добуштар 150 пайыздан ашып кеткен. Андан кийин БШКнын серверинде маалымат кабыл алуу бир канча убакытка токтоп калып (сбой), кайра ишке киргенде бардык сандар өзгөрүүгө учураган. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова добуш берүүнүн жыйынтыгы мекеменин сайтында онлайн көрсөтүлүп жаткан учурдагы үзгүлтүккө учуроо тууралуу комментарий берип, негизги системада үзгүлтүк болбогонун, эч кандай зыян келбегенин айткан. Мындан улам айрым партиялар нааразы болуп, добуштар уурдалганын айтып чыгышкан.

Количество просмотров: 369