• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Саясат талдоочу: Матраимовдун артынан резонанстуу кылмыш иштери козголушу мүмкүн

28 Жалган куран 2024 11:19 Бишкек Govori.TV

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун артынан резонанстуу кылмыш иштери козголушу мүмкүн. Бул тууралуу саясат талдоочу Бакытбек Жумагулов билдирди.

«Эгер Райымбек Матраимов жана анын айланасындагылар тергөө менен кызматташууга барса, бардык схемалар айтылат. Матраимов — феномен. Анын артында турган чоң, маанилүү кызматкерлер бар»,-деди Жумагулов.

27-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду 26-апрелге чейин камакта калтырды.

Матраимовго учурда Кылмыш-жаза кодексинин 169 («Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу»), 222инчи («Кылмыштуу жол менен тапкан кирешелерин мыйзамдаштыруу» (адалдоо) беренелери менен айып тагылды.

Атайын кызмат эл аралык издөөдө Райымбек Матраимов жана анын бир туугандары Тилек, Руслан, Исламбек Матраимовдорду 26-мартта Азербайжандын борбору Баку шаарынан Бишкекке алынып келгенин билдирген. Мурдагы бажычынын туугандарынын бөгөт чарасы 27-мартта Ош шаардык сотунда каралды.

Количество просмотров: 120