• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жуманазарова күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингде сап башына чыкты

1 Жалган куран 202215:00 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова Бириккен күрөш уюмунун (UWW) версиясы боюнча 68 кг салмакта дүйнөлүк рейтингдин сап башына чыкты. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтында айтылат.

Жаңыланган рейтингден кийин экинчи орунда келе жаткан Мээрим Жуманазарова сап башына көтөрүлдү.

Эскерте кетсек, Жуманазарова 24-27-февралда Түркияда өткөн Yasar Dogu эл аралык рейтингдик мелдеште күмүш медаль утуп алган.

Количество просмотров: 100