• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

Жуманазарова Олимпиадада медаль албай калган спортчуларды капаланбоого чакырды

13 Баш оона 202412:11 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 13-августта XXXIII жайкы Олимпиадага катышкан спортчулар Кыргызстанга кайтып келди. Аларды расмий тосуп алуу салтанаты Турдакун Усубалиев атындагы аянтта өтүп жатат.

Аземде Париж Олимпиадасында коло медаль жеңген Мээрим Жуманазарова сөз сүйлөп, «Бул менин эле эмес, жалпы кыргыз элимдин жеңиши. Барыңыздарды жеңишибиз менен куттуктайм»,- деди .

«Учурдан пайланып машыктыруучуларга, дарыгерлерге, федерацияга, ата-энеме ыраазычылык билдирем. Ошондой эле бизди колдогон президентке рахмат. Медаль албай калган спортчулар кейибегиле, Кудайдын кийинки Олимпиадага пландары бардыр. Баарыбыздын жолубуз ачык болсун»,- деди ал.

Эске салсак, Олимпиадага жалпы 16 спортчу катышкан. Алардын баарына президенттин атынан акчалай сыйлык жана унаа белекке берилди.

Количество просмотров: 178