• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жуманын ичинде: КСДПнын “эки башы”… Туулган күн жана кат куржун

16 Жетинин айы 2018 16:17 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 16.11.2018. Govori.TV
КСДПнын “эки башы”…

Укук коргоочу Нурбек Токтакунов «Президент Сооронбай Жээнбековдун борбордук штабы 2017-жылы президенттик шайлоого жумшаган»,-деген каражаттарынын тизмесин тактап айтканда мурда көрсөтүлгөндөн бир нече эсе көп каражат короткон деген маалыматты «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялады. Адвокат бул маалыматты былтыр президенттикке талапкердин штабында иштеген «Жээнбековдон да, Атамбаевден да көңүлү калган» ишенимдүү адам бергенин айтууда.

 

Президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева:
“Бул фейк маалымат экени көрүнүп турат, мөөрү, кол тамгасы (подпись) жок. Ошондуктан фейк маалыматка комментарий кылбайбыз. Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо компаниясын каржылоо боюнча маалыматтардын бары өз убагында расмий жарыяланып, БШКга берилген”,-деп кыскача жооп берди.
Ал учурда президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун штабын Фарид Ниязов жетектегенин эске алсак, суроо арбын болчудай.
Бул  аз келгенсип, бүгүн аталган партиянын өкүлдөрү Ирина Карамушкина менен Иса Өмүркулов экөө Иса Өмүркуловду “КСДП” партиясынан чыгаруу тууралуу фракция жыйынында тартышып кетип, Асылбек Жээнбеков  тынчтандыра албай эси ооду.
Туулган күнүнүн алдында президент Сооронбай Жээнбеков “агынан жарылып”, 24 kg маалымат агенттигине берген маегинде:
“Алмазбек Атамбаев анын аракеттерин көзөмөлдөп тургусу келгенин, керек болсо “жетелеме президент” кылуу аракетин жасаганын белгиледи.
Алтынбек күчтүүбү же Темирби?

Бул жумада “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов парламенттин жалпы жыйынында Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) киргенден кийин тарткан зыян эсептелип чыгышы керек экенин айтып, ошол кездеги премьер-министр Темир Сариевди айыптаган.
Буга жооп кылып экс-премьер-министр Темир Сариев тиешелүү органдар Жогорку Кеңештин “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулаймановдун бизнесин текшерип чыгышы керек деди.
“Башкы прокуратура менен Финполиция Алтынбек Сулаймановдун өзүн текшериши керек. “Ала-Тоо” мейманканасынын ордунда салынып жаткан көп кабат үй кандай болуп түшүп калды? Ал жерде тарыхый маанидеги объект бузулуп жатат. Түрк университетинин ичинде эмне үчүн үй салынып жатат? Үчүнчүсү – Лев Толстой жана Тынчтык проспектинин жанындагы үй. Ошолорду текшериш керек. Үч жолку депутат болуп олтурат. Мыйзам чыгарбай эле, өзүнүн бизнесин калкалаганга колдонуп жатат”,-дейт Темир Сариев.
Ошентип коомчулук “Алтынбек күчтүүбү же Темирби” деп кулак түрүп, экөөнүн акыйнеги эмне менен аяктаарына көздөрү жетпей турат.
Тиллаевдин тили пенсияга жетти…

Кечээ парламентте 2018-жылдын бюджети жана 2019-2020-жылдарга карата божомол боюнча мыйзам долбоору каралып, бир топ  ойлор айтылып кетти. Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев учурда Кыргызстанда пенсия үчүн 50 миллиард сом сарпталарын айтып, пенсиялык реформаны карап чыгуу керектигин белгилеп, «Кыргызстан пенсионерлердин мамлекетине айланып бара жатат»,- деди.
«Карап чыкпасак болбойт го. Пенсионерлердин мамлекетине айланып бара жатабыз. Өзгөртүш керек. Азыр укук коргоо органдарында иштегендердин көбү 30-35 жашында пенсияга чыгып, кайта эле иштеп, пенсия алып жатат», — деди эл өкүлү.
Абылгазиев абдан кымбат костюм кийбейт…

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарындагы өлкөнүн текстиль өндүрүшүнүн баалуулугун арттыруу боюнча форумдун жүрүшүндө “баасы асманды” чапчыган эмес, ата-мекендик өндүрүштөгү костюмдарды кие турганын айтты.
«Премьер болгонго чейин ар түрдүү өндүрүштөгү костюмдарды кийчүмүн. Кийин Ак үйдөгү чиновниктерден кандай костюм кие турганын сурап калдым. Ошондуктан мен жергиликтүү тигүүчүлөргө буйрутма берип баштадым. Азыр биздин өндүрүштөгү костюмду кийип турам», — деди өкмөт башчы.
Анын пикири боюнча, жергиликтүү тигүүчүлөрдүн технологиясы жакшы. Ал эми көйгөй кездеменин сапатына байланыштуу.
«Кымбат баадагы костюм сатып алсаң, аны кайра өзүңө чак келгидей кылып оңдоо керек. Ал эми тиктиргенде сапаты жакшы жана арзан дагы болот», — деп кошумчалаган өкмөт башчы.
Туулган күн жана «кат куржун»

Эртең президент Сооронбай Жээнбеков 60 жашка чыгат. Ага байланыштуу бардык ЖКМлар жана жарандар өз куттуктоолорун билдиришүүдө. Президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева президент туулган күнүн жумуштан кийин өз үйүндө, жакындарынын курчоосунда өткөрө турганын маалымдаса, КСДПнын маалымат катчысы Кундуз Жолдубаева ал партиянын мүчөлүгүнөн чыккандыгына байланыштуу туулган күнүн партия куттуктабай турганын айтты.
Президенттин туулган күнүнүн алдындагы жагымдуу окуя кыргыз журналисттеринин “кат куржуну” болду окшойт.  Басма сөз күнүнүн алдында башталган акция бүгүн жыйынтыкталып, кат ээсине жетти.

Количество просмотров: 88