• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026
61kg FS — Taiyrbek ZHUMASHBEK UULU (KGZ)

Жумашбек уулу Дүйнө чемпионатында коло байгеге ээ болду

18 Аяк оона 20239:05 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык спортчу Тайырбек Жумашбек уулу Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды.

Турнир 16-сентябрда Белградда башталган. Кыргызстандык 61 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты.

17-сентябрда Жумашбек уулу коло медаль үчүн күрөшүп, анын атаандашы Япониянын өкүлү болгон. Кыргызстандык 2:1 эсебинде жеңишке жетип, дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды.

Бул медаль Кыргызстан үчүн Сербияда өткөн турнирде биринчи медаль болду.

Количество просмотров: 51