• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Жумушчу топ кыргыз-тажик чек арасынын 43,32 чакырымы боюнча макулдашты

8 Тогуздун айы 2023 13:30 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара боюнча топографиялык топтору чек ара тилкесинин 43,32 чакырымын макулдашышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-8-октябрь күндөрү Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топограциялык жумуш топторунун жана укуктук маселелер боюнча жумуш топторунун кезектеги жолугушуусу өткөн.

«43,32 чакырым макулдашылды.Тараптар калган тилкелер боюнча ишти Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда улантышат. Жолугушуунун жыйынтыгында тийиштүү протоколго кол коюлду”, — деп айтылат маалыматта.

Теги:
Количество просмотров: 133