• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Журналист Галымбетованын өлүмү боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыкканы айтылды 

16 Бугу 202218:07 Бишкек Govori.TV

Камактагы блогер Батмакан Жолболдуеванын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева журналист Галымбетованын өлүмү боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыкканын билдирди.

Анын айтымында, экспертизага ылайык маркумдун астма оорусу болгон, дарыгерлер убагында жардам көрсөтө албагандыктан жүрөгү токтоп калган.

Эске салсак, Ош облустук соту 13-майда “Батма-бат” YouTube каналынын автору, блогер Батмакан Жолболдуеванын бөгөт чарасын карап, шаардык соттун чечимин күчүндө калтырган. Ош шаардык соту Батмакан Жолболдуеваны 26-майга чейин камакта калтыруу тууралуу чечим чыгарган.

Количество просмотров: 15318