• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Журналист: Иттин башын кесип, тилин тилип жиберишсе эле мени коркуп калат дешти

13 Жетинин айы 2020 10:19 Бишкек Govori.TV

Үстүбүздөгү жылдын 28-октябрында журналист, блогер Эркежан Исаковага белгисиз адамдар тарабынан кутучага салынган иттин башы келген. Govori.TV мультимедиалык агенттиги иттин башы кимден «белекке» келиши мүмкүн? деген суроолорго Эркежан Исаковадан жооп алдык.

Исакова азырынча бул ишти ким кылганын билбей турганын жана милиция кызматкерлери иштин бетин ачууга көңүл кош мамиле жасап жатышканын айтат.

«Мага региондорго каттай турган такси кызматы аркылуу салып жиберишиптир. Кутучаны ачканда жагымсыз көрүнүш болду. «102» кызматына чалып, милиция кызматкерлери менен чогу ачып көрдүк. Тийиштүү экспертизанын жыйынтыгы менен иттин башы экени аныкталды. Тилин сууруп чыгып, тилип коюшуптур. Мен бул көрүнүштү «коркутуп коёюн» деген өңүттө жасалган иш деп баалап жатам. Негизи мен активист блогермин, кесибим боюнча журналистмин. Коомдогу окуяларга өз көз карашымды ачык айрым айтып келгем жана Нарында жашагандыктан бул жактагы болуп жаткан көйгөйлүү маселелерди интернет баракчама чагылдырып турам. Болгону акыркы убакта жергиликтүү бюджеттен 20 млн сом короп, бирок бүгүнкү күнгө чейин курулушу бүтпөй турган бала бакча маселесин көтөрүп чыккам. Баардыгы ошого байланыштырып жатышат»,-деди Исакова.

Количество просмотров: 1833