«Апрель» телеканалынын мурдагы директору, журналист Дмитрий Ложниковдун үйүндө тинтүү жүрүп жатканы кабарланды. Бул тууралуу ал өзү Фейсбуктагы баракчасына 22-ноябрда жазды.
Ложниковдун айтканына караганда, анын мурдагы аялынын үйү тинтилип, балдарынын оюнчуктарына чейин текшерүү жүрүп жатат. Ал Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кенже уулу Кадырбек Атамбаев менен кандайдыр бир иши же байланышы жок экенин да белгиледи.
Ал ошондой эле бир жылдан ашык убакыт мурун алардын телефон номурларын кара тизмеге киргизгенин жана төңкөрүш же чакырыктар менен эмес, журналистика менен гана алектенерин жазды.
Бул тууралуу ИИМ азырынча расмий маалымат бере элек.