УКМК ири микрокредиттик компаниялардын ишмердүүлүгүн насыя алуучулардан түшкөн арыздардын негизинде текшерип жаткандыгын комитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматтарга караганда, жеке жана юридикалык жактар насыя алганда пайыздык ставкалар сакталбай жаткандыгына (жылына 33 пайыздан ашпоосу керек) байланыштуу текшерүү жүргөн.
Адамдар жеке жана юридикалык жактарга кредит берүүнүн жоболору бузулуп жаткандыгына (кредит берүүнүн максималдуу суммасы жөнүндөгү талаптарды айланып өтүү үчүн аны майдалоо фактылары), милдеттүү түрдө төлөнө турган төлөмдөрдөн качуу максатында көзөмөлдөөчү органдарга так эмес маалыматтарды (отчет) берүүлөр болгондугуна даттанышкандыгы маалыматта келтирилген.
УКМК жеке жана физикалык жактарды насыялоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды бузуу кылмыш жана башка жоопкерчиликке алып келерин эске салат.
Буга чейин УКМК Бишкектеги бир нече микрокредиттик компанияларды текшерип жаткандыгы тууралуу маалымат берилгендигин эске салабыз.