Бүгүн, 23-мартта Темиров LIVE жана “Айт, айт десе” медиа долбоорлорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы абактан чыкты.
2 жылдан бери абакта жаткан Тажибек кызынын баш коргоо чарасы бүгүн Ленин райондук сотунун чечими менен эч кайда кетпөө тууралуу тил катка өзгөртүлгөн.
Ал Чүй облусунун Степное айылындагы №2 аялдар түзөтүү мекемесинде кармалып турган.