• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Махабат Тажибек кызы абактан чыкты

23 Жалган куран 202613:43 Бишкек Govori.TV

Ленин райондук соту Темиров LIVE жана “Айт, айт десе” медиа долбоорлорунун жетекчиси, эки жылдан ашык убактан бери камакта жаткан Махабат Тажибек кызынын баш коргоо чарасын өзгөртүп, эч жакка чыкпоо жөнүндөгү тил кат менен абактан бошотту. Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова соцтармак баракчасына жазды.

Бүгүн, 23-мартта Бишкектин Ленин райондук сотунда Махабат Тажибек кызына карата кылмыш иши боюнча алдын ала соттук отурум башталган.

Эске салсак, Жогорку сот 10-мартта Махабат Тажибек кызына карата буга чейинки чыккан өкүмдөрдү жокко чыгарган. Ишти жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо жөнүндө чечим чыгарып, райондук сотко жиберген.

Количество просмотров: 172