• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Журналист Павлюктун өлүмү боюнча соттолгон Исманкулов мунапыс берүүнү суранды

23 Жетинин айы 2021 17:55 Бишкек Govori.TV

Журналист Геннадий Павлюкту өлүмү боюнча соттолгон Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) мурдагы кызматкери Алдаяр Исманкулов өзүнө мунапыс берүү өтүнүчү менен кайрылды. Маалыматты Жазаларды аткаруу кызматынан тастыкташты.

Мекеме тараткан маалыматка ылайык, №27 колонияда жазасын өтөп жаткан Исманкуловдун арызы Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотуна жөнөтүлгөн.

Эске салсак, 2009-жылы декабрда Алматы шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде кыргызстандык оппозициялык журналист Геннадий Павлюкту көп кабаттуу үйдөн ыргытып жиберишкен. Оор абалда ооруканага түшкөн журналист бир нече күндөн кийин каза болгон.

Окуя боюнча Казакстанда кылмыш иши козголуп, үч адам камакка алынган. Сотто кыргызстандык жаран, атайын кызматтын мурдагы өкүлү Алдаяр Исманкулов 17, казак жарандары Шалкар Уразилин 11 жылга кесилген.

Количество просмотров: 290