Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевге ондогон ЖМК өкүлдөрү атайын кайрылып, интернет менен ЖМКда жалаа жана мазактоо үчүн жоопкерчилик киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өткөрүүнү суранышты.
ЖМК өкүлдөрү «Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө» мыйзамдын 115-беренесине ылайык жарандардын конституциялык укуктарын, эркиндиктерин жана милдеттерин камсыз кылууга, саясий партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын жана маалымат каражаттардын укуктук статусуна, ошондой эле бюджет, салыктар жана мамлекеттик жөнгө салуунун жаңы түрлөрүнө байланыштуу, мыйзам долбоорлору боюнча парламенттик угуу өткөргүүгө милдеттүү экенин белгилешкен.
Интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 23-октябрда биринчи окуудан кабыл алган.
КР Укук бузуулар кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун Министрлер Кабинети демилгелеп чыккан. Бул мыйзам долбоору кабыл алынса, ЖМКда, интернетте, сайттардын интернеттеги баракчаларында жалган жалаа, мазактоо маалыматтары таратылды деген айып менен жеке жактарга 100 миң сом, юридикалык жактарга 200 миң сом айып салуу караламакчы.