Украинанын батышындагы Львов шаарында «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун украин кызматынын кабарчысынын автоунаасын белгисиз бирөөлөр өрттөп кетишти. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.
Маалыматка ылайык, унаага 30-январга караган түнү өрт коюлган.
«Бул кылмышка кимдир-бирөөлөр буйрук берип, аны ишке ашырыш үчүн адамдарды жалдаган деп ойлойбуз», — деп билдирген Украинанын Ички иштер министринин орун басары Антон Геращенко.
Ал эми журналист Галина Терещук бул окуяны өзүнүн кесиптик ишмердиги менен байланыштырган.