• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ИИМ журналист Алтынай Арстанбекованын кармалганы боюнча маалымат берди

12 Жалган куран 20268:45 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлиги журналист Алтынай Арстанбекова кармалып, камакка алынганын ырастаган маалыматты 11-декабрдын кечинде таратты.

ИИМдин маалыматына караганда, Facebook социалдык тармагындагы «Даниэль Жоошбаев» аттуу аккаунт аркылуу бийликти дискредитациялоого жана коомдук-саясий кырдаалды курчутууга багытталган материалдар жарыяланып келгени аныкталган. Ошондой эле аталган баракчада массалык башаламандыктарга алып келиши мүмкүн болгон билдирүүлөр жайгаштырылган.

Бул факт боюнча Бишкек ШИИБдин Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандыктарга чакырыктар) менен кылмыш ишин козгоду.

«Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМ жана УКМК кызматкерлери тарабынан Даниэль Жоошбаев аттуу жалган аккаунттун ээси жана колдонуучусу журналист, 1976-жылы туулган А.А. экендиги аныкталып, кармалган. Тинтүү учурунда анын үйүнөн далил катары ноутбук, планшет, уюлдук телефон жана башка техникалык каражаттар алынды», — деп жазылат маалыматта.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары уланууда. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Количество просмотров: 264