• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Журналист Алтынай Арстанбекова эки айга камалды

12 Жалган куран 202617:52 Бишкек Govori.TV

Соцтармактарда фейк аккаунт аркылуу бийлик башындагыларды жамандаган постторду жазууга шектелип кармалган журналист Алтынай Арстанбекова эки айга тергөө абагына камалды.

ИИМ 9-мартта социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында Фейсбукта Даниэль Жоошбаев деген аккаунттун колдонуучусу бийликти каралоого жана коомдук-саясий абалды курчутууга багытталган материалдарды жарыялап жүргөнү аныкталганын билдирген. Ал баракчаны журналист Алтынай Арстанбекова иштетип келгени аныкталганы айтылган.

Бул факты боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен кылмыш ишин козгогон.

Количество просмотров: 189