• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жусуп Абдрахмановдун туулган күнү белгиленет

11 Бирдин айы 2021 19:42 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгын белгилөө жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

 Азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүгө зор салым кошкон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Жусуп Абдрахмановдун элесин түбөлүккө калтыруу жана анын туулган күнүнүн 120 жылдыгын жогорку улуттук деңгээлде майрамдоо максатында токтом кылынат:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушталсын:

—              Ж. Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгын майрамдоону даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү;

—              көрсөтүлгөн иш-чараларды өткөрүү үчүн зарыл финансылык каражаттарды бөлүү.

Количество просмотров: 98