Бүгүн Ош шаарында «Өчпөс от» мемориалдык комплексинде Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата иш-чара өттү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, эскерүү иш-чарасына мэрдин орун басарлары, мэриянын кызматкерлери, шаардык кеңештин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери, Ош гарнизонунун кызматкерлери жана жашоочулар катышты.
Катышуучулар «Өчпөс от» мемориалдык комплексине гүл коюп, ата-бабаларды бир мүнөт унчукпай туруу менен эскеришти.
Бүгүнкү күнгө карата Ош шаарындагы көзү өткөн мамлекеттик ишмерлердин эстеликтерине гүл коюп, эскерүү иш-чаралары өтүп жатат.
Белгилей кетсек, 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү деп 2017-жылы негизделген.