• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Жусупбек Коргонбай уулу сотторду тандоочу кеңешке мүчө болду

21 Бештин айы 2023 14:11 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутат Жусупбек Коргонбай уулу Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешке мүчө болуп шайланды.

Парламенттин квотасы менен бөлүнчү кызматка Мейкинбек Абдалиев экөө ат салышкан. Натыйжада көбүрөөк добуш менен Коргонбай уулу утуп чыкты.

Буга чейин аталган кеңеште депутат Русланбек Жакышев мүчө болчу. Ал 13-декабрда өз каалоосу менен кеткен.

Кошумчалай кетсек, Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш Конституциялык, Жогорку жана жергиликтүү соттордун судьяларын конкурс аркылуу тандайт. Андан өткөн талапкерлер президентке сунушталат.

Количество просмотров: 79