• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

«Кара хирург» каймана аты бар. Депутат министр Бейшеналиевдин жоопкерчилигин кароону айтты

14 Жалган куран 2024 14:24 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйыныда депутат Жусупбек Коргонбай уулу сөз сүйлөп, Саламаттык сактоо министринин дарегине сын пикирин айтты.

Депутат өз сөзүндө акыркы күндөрү ооруканада дарыгерлердин шалаакылыгынан каза болгондор көбөйүп жатканын билдирип, министрдин жоопкерчилигин кароо маселесин көтөрдү.

«Алымкадыр Бейшеналиев боюнча кайрылуулар түшүп жатат, азыр да мага алты аял келиптир. Бул жерде хронологиясын карасаң бул киши министр болуп келгенден бери эле адам өлүп жатыптыр», — деди Коргонбай уулу.

Ошондой эле депутат министрди «каралар менен байланышы бар» деген пикирин айтты.

“Саламаттык сактоо министринин “кара хирург” деген каймана аты бар экен. Бул убагында Рысбек Акматбаевди, ок тийген же бычак жеген уюшкан кылмыштуу топтун балдарын үйүнө жашыруун алып барып операция кылып жүргөн. Азыр уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүп жатпайбызбы, мен УКМКнын башчысы менен Башкы прокурорго да кулак кагыш кылып коёюн”, — дейт депутат.

Количество просмотров: 409