• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жусупбекова: Эртеңден баштап телеканалдарда сабактардын жүгүртмөсү көрсөтүлө баштайт

4 Чын куран 202015:10 Бишкек Govori.TV

Эртеңден баштап сабактарды онлайн режиминде көрсөтө турган телеканалдарда сабактардын жүгүртмөсү көрсөтүлө баштайт. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, сабактардын жүгүртмөсү түзүлүп, бир-эки жери оңдолуп жатат.

«Эртең, 5-апрелде эртең менен телеканалдарда онлайн режиминде көрсөтүлө турган сабактардын жүгүртмөсү жарыялана баштайт», — дейт министрдин орун басары.

Эскерте кетсек, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу бардык билим берүү мекемелери дистанттык түрдө билим берүүгө өткөн.

Кыргызстанда 4-апрелге карата өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 144 кишиге жетти. Алардын ичинен тогуз адам айыккан жана илдетти жуктуруп алган 61 жаштагы адам каза болду.

Количество просмотров: 170