Кыргызстанда мугалимдер жетишсиздиги боюнча маселе дале бар. Бул тууралуу бүгүн 18-октябрда өткөн маалымат жыйында Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.
Анын айтымында, республика аймагында информатика, математика, физика мугалимдери жетишсиз.
«Министрлик тарабынан жыл сайын анализ-мониторинг жүргүзүлөт кайсы окуу жайында, кайсы мектепте мугалимдер жетишпейт деп. Ар бир региондо ар кандай көрсөткүч. Бул жаатта комплекстүү иш-чаралар жүрүп жатат. Алсак мугалимдердин айлык маянасын көтөрүү. Түрдүү чаралардын негизинде бул маселенин жоюу аракеттери көрүлүп жатат», — деди ал.