• Жекшемби 12 Бугу 2024
  • Воскресенье 12 Май 2024

Жылаңаяк баланы сызга отургузган тарбиячы жумуштан кетти «Видео»

5 Үчтүн айы 2018 17:54 Бишкек Govori.TV

“Право быть” коомдук фондунун инстаграмм баракчасында Бишкектеги наристелер үйүндө эки кичинекей бала жылаңаяк кафелдин үстүндө, сызда отурган видео жарыяланган. Фонддун өкүлүнүн айтуусунда жылаңаяк сызда отурган балдарга тарбиячы көңүл бурган эмес. Окуядан кийин наристелер үйү тарбиячыны иштен кетиргени белгилүү болду.

Бирок, наристелер үйүнүн өкүлүнүн айтуусунда балдар кароосуз аз убакытка гана калган. Дал ошол учурда видеого тартып алып интернетке жүктөп жиберген. Наристелер үйүндө шарттар түзүлгөн, ичи жылуу.

Биздин агенттиктин кабарчылары дагы наристелер үйүнө барып көргөндө бардык шарттар бар экендигине күбө болду. Ал эми видеодогу балдар ооруп калган эмес.

Бишкектеги наристелер үйүндө кароосуз калган, жетим 51 бала багылат. Ал эми “Право быть” коомдук фонду ыктыярдык негизде жардам беришет.

Количество просмотров: 15