• Жекшемби 12 Бугу 2024
  • Воскресенье 12 Май 2024

Жылдын эң көп киреше алып келген актерлору аныкталды

10 Үчтүн айы 2018 11:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек.10.01.18.Govori.TV

Forbes журналынын негизинде  Box Office Mojo порталы жылдын кирешелүү актерлорун аныктады.

1.2017-жылдын эсеби менен «Форсаж» киносунда негизги ролду аткарган Вин Дизель эң көп киреше алып келген актер деп аныкталды. Вин Дизель тартылган тасма бир жылдын ичинде 1,6 миллиард доллар киреше алып келген.

2. Экинчи орунга ошол эле «Форсаж» киносунда Вин Дизелдин өнөктөшү Дуэйн Джонсон тартылган «Скала» тасмасы аныкталды. Ал жылдын ичинде 1,5 миллиард доллар киреше алып келген. 

3.  «Принцесса Амазонка» тасмасына тартылган Галь Гадот үчүнчү орунду ээлген. Тасманын жылдык кирешеси 1,4 миллиард долларды түзгөн.

4.Forbes журналынын рейтингинен төртүнчү орунду «Красавица и чудовище» тасамсына тартылган британиялык актриса Эмми Уотсон ээлген. Дүйнөлүк деңгээлде көрсөтүлгөн тасма жылдын ичинде 1,3 миллиард доллар киреше тапкан.

5. Бешинчи оорунду Джонни Депп тартылган»Пиратов Карибского моря» тасмасы татыган. Жылдык кирешеси 800 миллион долларды түзгөн. 

6. Ал эми алтынчы орунга Дэйзи Ридли тартылган «Убийства в Восточном экспрессе» тасмасы татыган. Жылдык кирешеси 1,08 миллиард долларды түзгөн.

7. Том Холланд тартылган «Человек паук» тасамсы жетинчи орунду ээлеп, бир жылдын ичинде 888 миллион доллар киреше алып келген. 

8. Америкалык актер  Крис Пратт тартылган «Стражей галактики» тасмасынын экинчи бөлүгү сегизинчи орунду ээлеп, 864 миллион доллар киреше алып келген.

9. Тогузунчу орунду америкалык актер Крис Хемсворт тартылган «Тор:Рагнарек» тасамсы алып, продюссерине 845 миллион доллар киреше алып келген.

10. Киреше алып келген актерлордун катарын «Звездных войн» тасмасына тартылган британиялык актер Джон Бойега толуктап, онунчу орунду ээлеген. Актер тартылган тасма жылдын ичинде 800 миллиард доллар киреше тапкан.

Количество просмотров: 5