3-апрель күнү кечинде парламенттеги “Республика-Атажурт” фракциясында чукул жыйын өтүп, анда айрым депутаттар фракциянын жетекчисин алмаштыруу сунушу менен чыгып, жетекчиликке Курманкул Зулушев менен Жыргалбек Турускуловдун талапкерлигин көрсөтүшкөн. Бул жыйындын өтүшү боюнча, Govori.TV маалымат агенттигине өздүк булактар төмөндөгүдөй маалымат беришти.
“Алгач жыйынга фракциянын депутаттары келбей, кворумдун жоктугунан жыйынды кийинкиге жылдыруу маселеси келип чыккан. Бирок, кечигип келген эл өкүлдөрүнөн кийин кворум болуп, андан соң депутат Курманкул Зулушев өзүнүн талапкерлигин өз каалоосу менен фракция лидерлигине көрсөтүүүдөн алып салган”, -деп айтылат биздин булактын билдирүүсүндө.
Мындан кийин ачык добуш берүү болуп, анда төмөнкү депутаттар Жыргалбек Турускуловдун талапкерлигин жактырып, добуш беришкен.
Тууну өзгөртүү долбооруна кайсы депутат кандай добуш берди?
Бүгүн, 20-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү …