• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жыйында эки депутат мушташып кете жаздады

17 Жетинин айы 2022 15:34 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңеште Кыргыз-өзбек чек арасын ратификациялоо маселеси каралып жатат.

Жыйында депутат Өмүрбек Бакиров сөз сүйлөп, буга чейинки анча-мынча кемчилик кеткен келишимге кимдер кол койгонуна кызыкты.

Мындай суроо УКМКнын төрагасына жакпай, «сиз бугу чейин дагы сурагансыз. Кагаз жүзүндө кайрылыңыз деген элем. Кайрылган жоксуз», — деп күпүлдөдү.

Бакиров өз кезегинде депутат экенин эске салып, жеке маселеси менен кайрылбаганын айтып, жооп берди.

Ал арада депутаттар арасында мушташуу орун ала жаздады. Эл өкүлдөрү Өмүрбек Бакиров менен Фархад Исмаиловду мушташуудан арачалап калды.

Количество просмотров: 2353