• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

«Жыйындан чыгып кеткен эл». Депутат Малиев Араванда болгон окуя тууралуу айтты

25 Бугу 2022 15:22 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Араван районунун тургундары “Элдик” депутаттык топ өткөргөн жыйындан чыгып кетишкен. Бул тууралуу видео соцтармакка жарыяланган. Анда жергиликтүү жашоочулар жыйынга Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Малиев катышкандыгы үчүн нааразы болуп болушкан.

11-майда Жогорку Кеңеш кумарканаларды, оюн автоматтары бар залдарды жана лотереяларды ачуу тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда 56 макул, 13 каршы болгон добуш менен колдоп берген. Талкуу учурунда депутат Арсланбек Малиев колуна Куран китебин алып, анда кумар оюндарынын “бир аз пайдасы бар” деп жазылганын айткан. Депутаттын бул билдирүүсү коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

Бул окуя тууралуу депутат Арсланбек Малиев комментарий берип, элдин жыйындан чыгып кетүүсү ал менен байланыштуу эмес экенин белгиледи.

«Ошол Аравандагы жыйында мен бир да сөз айткан жокмун, эл да мага эч нерсе деген жок. Бул жөн эле бирөөнүн жасалма иши. Видеону кимдер чыгарып жатканын карасаңар, бул нерсени ким кылып жатканын түшүнөсүңөр. Бул калп. Күбөлөр бар, ошол жердеги депутаттар, залда катышып жаткандар баары күбө. Маселе башкада болчу…», — дейт депутат.

Количество просмотров: 312