Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Малиев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында аэропорттордогу жүргүнчүлөрдү учак каттамдары тууралуу кыргыз тилинде кулактандыруу уюштурууну сунуштады.
«Кулактандыруу орус, англис тилдеринде берилет, кыргызча бербейсиңер. Качан ушул оңдолот?», — деди ал.