Жыл башынан бери Сириядан Кыргызстанга сексен беш бала кайтарылды. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев маалымат жыйынында билдирди.
“Айкөл” гуманитардык миссиясынын алкагында жалпысынан Сириядан Кыргызстанга жүз жыйырма бир адам кайтарылса, анын отуз беши аялдар, сексен беши жаш балдар.