• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жыл мугалими сынагынын жеңүүчүсүнө Бишкектен үй тартууланат

30 Аяк оона 202417:34 Бишкек Govori.TV

Эртең,1-октябрда Бишкекте жыл мугалими сынагы старт алат. Сынак 5-октябрга чейин уланат.

Бул чоң байге коюлган жана мугалимдер масштабдуу түрдө катышкан биринчи кесипкөй сынак.

Биринчи орун алган мугалимге Бишкектен батир белекке берилет. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Сынактын максаты — башталгыч, негизги, жалпы орто билим берүү уюмдарынын мамлекеттик жана муниципалдык жогорку кесипкөй кадрдык курамын түзүү.

Ошондой эле билим берүү процессинин сапатын жакшыртууга багытталган кадр саясатын ишке ашыруу үчүн алдыңкы педагогикалык идеяларды жайылтуу, заманбап билим берүү технологияларын жана методикаларын пайдалануу боюнча натыйжалуу практикага ээ таланттуу, чыгармачыл агартуучуларды аныктоо болуп саналат.

Количество просмотров: 507