Бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Жалолидин Нурбаев театрда коюлган спектаклдердин репертуарларын көзөмөлгө алууну суранды.
«Жакындан бери, коомчулугубузда жаман бир көрүнүш болду. Театрларыбызда жылаңач көрсөтүүлөр да пайда болуп жатат. Кайда баратабыз? Ыйман, адеп-ахлак, тарбия маселесинде мааниси жок көрүнүштү көрсөтүп жатат. Уят да! Маданият министрлигинен бул боюнча жооп күтөм, бул боюнча чара көрсөңүздөр. Элдин 80% ашыгы мусулман. Ошолорду көзгө илбей, жапайычылыкты көрсөтүп жатканы ыплас иш болду», — дейт депутат.
Эске салсак, кеп КР эл жазуучусу Султан Раевдин повестинин негизинде, Уланмырза Карыпбаев режиссерлук кылган «Күн кармаган бала» спектакли тууралуу болуп жатат. Анда жылаңач баланы жуунтуп жаткан учур көрсөтүлүп, талкууга алынган.