«Ошэлектр» жылыткычтарга мөөр басуу боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Мекеме кабарлагандай, быйылкы жылы Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү аз болгондугуна байланыштуу, электр энергия өндүрүп чыгаруу баштапкы жылдарга караганда азайды. Муну менен катар эле керектөөчүлөрдүн саны да кескин түрдө өсүүдө. 2021-жылдын 10 айдын аралыгында «Ошэлектр» ААКу боюнча калк абоненти 12 867 көбөйдү. Энергоресурстарды үнөмдүү пайдалануу жана электр тармактардагы авариялык абалды алдын алуу максатында, «Ошэлектр» ААКу Ош, Баткен облустарында жана Ош шаарында электр энергиясын пайдаланууга берилген техникалык шарттардын жана электр энергиясын пайдалануу эрежелерин аткарылуусун тынымсыз көзөмөлдөө максатында, рейддерди бекитилген тартипте уюштурууда.
«Рейддердин жүрүшүндө, электр тогун берилген чектен ашыкча колдонгон бир нече учурлар аныкталып жатат. Чектен ашыкча колдонгон абоненттерге жеринен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, электр энергиясын көп талап кылуучу электр жылыткыч ж.б жабдууларын убактылуу пломба басуу иштери жүргүзүлүүдө»,-деп айтылат маалыматта.