• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жыргалаң суусуна түшүп кеткен экинчи кыздын сөөгү табылды

28 Бугу 202417:00 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-май күнү саат 11:30да Жыргалаң суусуна түшүп кеткен 7 жаштагы К.М. аттуу кыздын сөөгү көлдүн Дача тилкесинин жээгинен 500 метр алыс жерден ӨКМдин куткаруучулары тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой буга чейин 6 жаштагы Т.С. аттуу кыздын сөөгү суудан 25-май күнү жергиликтүү тургундар тарабынан табылган.

Эске салсак, 2024-жылдын 18-май күнү Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка айылындагы дачаны бойлоп өткөн Жыргалаң суусуна 6 жаштагы Т.С. жана 7 жаштагы К.М. аттуу эки кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшүп жеринде издөө иштери жүрүп жаткан.

Теги:
Количество просмотров: 168