• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

ЗиЛ» лыжа базасы кайрымдуулук иш-чарасын өткөрдү

6 Бирдин айы 2018 10:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 06.02.2018Govori.TV

«Ойно жана жардамга муктаж жарандарга кайрымдуулук кыл!»Мындай сөздөр Чүй боорунда жайгашкан «ЗиЛ» тоо лыжа базасында айтылып, кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлдү.

Бул жерде эс алуучулардын саны жылдагыдан арбын. Анткени «ЗиЛ» лыжа  базасында коноктор үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Ал эми «ЗиЛ» лыжа базасынын директору Акбар Рыскуловдун айтымында,  албетте бул туристтик базаны өнүктүрүү оңой-олтоң ишке ашкан жок. Ал үчүн ири каражат жумшалып, күжүрмөн эмгек жумшалды. Бул аракеттерге колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылык айтылды.

» Туризм өлкө экономикасын өнүктүрүүгө чоң түрткү болот. Кыргызстандын 90 % га жакын аймагын тоолор ээлеп турат. Андыктан тоо туризим өнүктүрүү, өлкөнүн имиджин көтөрүү багытында ири долбоорлор ишке ашканы жатат»-дейт Акбаров.

 

Количество просмотров: 34