• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Видео — Зирек кыздын зээн кейиткен кайрылуусу

3 Жетинин айы 2018 12:18 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 03.11.2018.Govori.TV

Финляндиядан келген кичинекей Алина аттуу кыздын камера алдында Кыргызстан тууралуу айткан маңыздуу сөздөрү учурда коомдун көңүл борборунда.
Анткени кыска тартылган тасмада Кыргызстан тууралуу сөз болгон.
Ал өзүн ырчы деп тааныштырып, учурда Ош облусунун, Өзгөн шаарында жашай турганын айтып сөзүн баштаган.

Фин кызынын кыжырына «Кыргызстан жапайы, жарды, өнүкпөгөн өлкө»,-деп айтылган сөздөр  тиет экен. Бул айтылгандарды ал стериотип, уламыш жана жөн эле жаңылыш айтылган кеп катары баалайт. Алина өзү жашап жаткан өлкөдө мындай сөздөрдүн эл аралап айтылып жүрүүсүн такыр каалабайт. Ал бул сөздөрдү коңшу Өзбекстан өлкөсүндө жүргөндө дагы укканын жана мындай айтылгандарга чыдабай турганын кошумчалаган.

«Мага Кыргызстан абдан жагат. Ал гана эмес Финляндия өлкөсүнөн дагы артык көрөм. Бул жердин аба-ырайы, климаты жана жаратылышы эң сонун!»,-дейт өзүн ырчы деп атаган Алина.

Кичинекей кыз Кыргызстанды бүт кыдырганын жана өлкө жөнүндө кенен маалыматка ээ экенин айткандарынан улам байкоого болот. Анткени ал Кыргызстандын облустарына тиешелүү район, айыл-кыштактардын атын, жайгашкан жерин жаңылбай атап берген.
Чолпон-Ата, Балыкчы, Өзгөн, Баткен, Кызыл-Кыя, Кочкор, Нарын, Талас ж.б бир топ жерлердин атын атаган.
Фин кызы «Кыргызстан жарды өлкө»,-деген стериотиптерден арылуу үчүн «Кыргызстан жарды эмес»,-деген
соц.тармактар үчүн флешмоб жарыялады.
Бул флешмобко Кыргызстандын бардык жарандары катыша алат.
Ал үчүн «#Кыргызстанжардыэмес»,-деген хештег жазып, соц.тармактар аркылуу сүрөт, видео жарыялаш керек.
Ал кыргыз саясатында бир аз пикир келишпестиктер болуп жатканын жана Ош окуясы тууралуу айтып, бул өкмөткө тиешелүү маселе экенин кошумчалаган.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=718459405201503&id=100011123490484

Количество просмотров: 102