• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Зиядин Жамалдинов Ош облусун жетектейт

22 Теке 202116:12 Бишкек Govori.TV

Жамалдинов Зиядин Исламович Кыргыз Республикасынын президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, мамлекет башчысы Садыр Жапаров президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн дайындады.

Эске сала кетсек, Ош облусунун буга чейинки башчысы Жарасул Абдураимов министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон буйрукка ылайык, экономика жана финансы министринин орун басары болуп дайындалды.

Количество просмотров: 1445