• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Зомбулук күчөп жатат». Депутаттар атайы органдардан маалымат талап кылышууда

7 Аяк оона 2022 11:12 Бишкек Govori.TV

Депутаттар Кадамжай районунда 14 жаштагы кызды өлтүрүүгө жана зордуктоого шектүүлөр тууралуу маалымат берүү үчүн ЖКга атайы органдардын келишин талап кылышты.

Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Ырысбек Атажанов менен Тазабек Икрамов спикер Талант Мамытовго кайрылып, бүгүнкү талкууга сунуш киргизүү же кийинки жыйындарга протоколдук күн тартибин жөнөтүү сунушун айтышты. Ырысбек Атажанов кошумчалагандай, педофилдерге өлүм жазасын киргизүү маселесин карап чыгуу зарыл.

Кесиптештеринин сөзүнө кошулган депутат Эльвира Сурабалдиева зордук-зомбулук боюнча козголгон иштердин көбү сотко жетпей жатканына токтолду.

«2019-жылы иштердин 62 пайызы сотко жетпесе, 2020-жылы 84%, ал эми 2021-жылы 79 пайыз иш сотко жеткен эмес. Ушундай учурлар болгону аз келгенсип иш козголсо коркутуулар орун алат. Аргасыз же тосмо арыз жазып иштер артка бурулуп кетет экен. Мен кесиптештериме кошулам, эмки жумага протоколдук тапшырма берип Башкы прокуратураны чакырыңыздар, укук коргоо органдарынын баары келсин, ИИМ келсин. Бул маселе боюнча парламент реакция кылбаса, бул деген өзүнүн элине, калкына болгон геноцид деп коет», — деди Сурабалдиева.

Количество просмотров: 147